1

Жүрөктүн тубаса порогу, же ЖТП деген эмне?

Таза жүрөк бул күчтүү, чарчабай иштөөчү булчуң насосу. Анын көлөмү адамдын муштумунан бир аз чоңураак. Жүрөктүн төрт камерасы бар: жогорку экөө, предсердия, ал эми ылдыйкы экөө карынчалар деп аталышат. Кан предсердиялардан карынчаларга түшөт, андан соң жүрөктүн төрт клапандарына ишинин натыйжасында кан магитралдык артерияларга түшөт. Клапандар ачылып жана жабылып, канды бир гана багытта агызат. Жүрөктүн пороктору бул тубаса же жашоодо пайда болгон жүрөктүн түзүлүшүнүн өзгөрүү (клапандардын, тосмолордун, дубалдардын) жүрөктүн ичинен же же чоң же кичине кан айлануу доголорунда (тегерегинде) кандын айлануусунун бузулуусу.

2

ЖТПнун эпидемиологиясы, себептери

зыркы убакта жүрөктүн тубаса порогунун 1000 жаңы төрөлгөндөрдө 12-16 оору кездешээри белгилүү. HFA- DB Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун официалдуу билдирүүсү боюнча (январь 2012-ж.) акыркы он жылдарда жаңы төрөлгөндөрдүн арасында кичинекей балдардын жана неоноталдык өлүмдөрүнүн азайгандыгына карабастан жүрөктүн тубаса ооруларынын көбөйүп баратуусу катталууда. Жүрөктүн порокторун өз убагында диагноздоп жана дарылоо проблемасынын актуалдуулугу оорунун кеңири таркоосунда эле эмес, бул патологиядан кичинекей балдардын өлүп калуу мүмкүнчүлүгүндө жана көп балдардын ден соолугун калыбына келтирүүдөгү социалдык экономикалык аспекте маанилүүлүгүндө.

3

ЖТПнун себептери

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өнүгүп, өсүп жаткан убагында жүрөккө таасир этүү анын түзүлүшүндө аномалияларды пайда кылат. Б.а. ткандарда өзөрүүлөр болот. Бул көбүнчө кош бойлуулуктун 5 аптасында кездешет. Поркотун себеби дайыма, так аныктоого мүмкүн эмес, бирок тубаса жүрөккө төмөндөгү абалдар себеп болуп, көбөйтүүсү мүмкүн.

  • Генетикалык оорулар. Дауна синдромдуу балдардын жарымы жүрөктүн порогу менен жабыркап, анын 90% септалдык (тосмонун) бузулуулар. Тернердин синдрому менен кыздар гана жабыркашат, алардын 25% жүрөктүн клапандарынын пороктору же артериялардын бузуктугу. Нунан синдромду балдардын 80% тубаса пороктор, алардын жарымын өпкөнүн стенозу түзөт.
  • Начар текшерүүдөгү кант диабети, биринчи жана экинчи түрдөгүсү боюнда бар кезинде. Ал порокко тобокелдикти беш жолу жогорулатат. Көбүнчө негизги кан тамырлардын туура эмес жайгашуусу пайда болот. Боюнда бар кезиндеги диабет (гестационный) жүрөктүн тубаса проблемаларын тобокелдигин чоңойтпойт.
  • Феталдык алкогол синдрому менен балдардын жарымынын пороктору болот, бул көбүнчө жүрөктүн карынчаларынын же председияларынын тосмолорунун бузулуулары.
  • Кош бойлуу мезгилиндеги жугуштуу оорулар, мисалы кызылча. Демейде бул оору балдарда да, чоң кишилерде да жеңил өтөт. Бирок, бойго бүткөндүн эрте алгачкы мезгилинде 8-10 аптада оору жукса өнүгүүдө көптөгөн пороктор болуусу мүмкүн. Бойдо болгондун биринчи үч айлыгында, грипп менен ооруган аялдардын жүрөктүн тубаса порогу менен оорукчан бала төрөө тобокелдиги эки эсе жогоурлайт.
  • Бойдо бар кезде дары заттарын ичүү, мисалы талмага крашы же литий кармаган заттарды ичүү. Анткени дарылоо үчүн колдонулуучу топикалык ретинондук жана изотретиноин. Ибупрофенди колдонуу биринчи үч айлыкта жүрөкүн порогунун тобокелдигин эки эсе жогорулатат.
  • Фенилкетонурия. Бул чанда кездешүүчү генетикалык оору. Аны дисталык кошумчаларды жана белогу төмөн тамак берүү менен дарылашат. Ушундай көрсөтмөлөрү бар боюнда барлар ден соолугу таза аялдарга караганда погору бар балдарды алты эсе көп төрөөсү мүмкүн.

4

ЖТПнун түрлөрү

Жүрөктүн тубаса покрокторунун көп түрлөрү бар, кээде биргелешип кездешет.
  • Ачык артериялык порок. Курсактагы өнүгүү мезгилинде артериялык кан агымы өпкө артериясы менен аортаны бириктирет. Ал али иштей элек өпкөдөн канда алып кетет. Эгер төрөгөндөн кийин кан тамыр өсүү бүтөлбөсө, ачык артериялык агым деп айтылат. Ашык кандар өпкөгө айдалып, өпкөгө жана жүрөккө күч келет. Диагноз 100 000 баланын бешөөнө коюлат
  • Аортанын коарктациясы, дененин негизги артериясында ичкерген жери бар, бул органдарга кандын агып баруусун азайтат. Бул проблемага бардык тубаса жүрөктөрдүн 10% туура келет. Көбүнчө бул карынчалар ортосундагы тосмонун кемчилиги жана ачык артериялык агым менен коштолот. Мындай пороктордун болжол менен жарымында бала төрөлөөр замат хирургиялык дарылоо талап кылынат.
  • Өпкө кан түркүгүнүн (ствол) клапанынын таруусу. Карынчадан өпкө артериясына кетүүчү кандын агымын текшерүүчү тосмонун ичкерүүсү. Бул жүрөк күчөтүлгөн тартипте иштейт дегендик, анткени тарыган жерден канды түртүп чыгаруу кошумча күчтү талап кылат. Бул аномалия жүрөктүн порокторунун 10% ын түзөт.
  • Чоң, магистралдык тамырлардын орун алмашуусу – өпкө артериясы жана аорта орун алмашып жайгашышат, жүрөктүн тиешелүү камераларына кошулушат. Бул органдарга кычкылтекке каныкпаган кандын баруусуна алып клеет. Бул тубаса пороктордун 5% ын түзөт
  • Открытый артериальный проток. Во время внутриутробного развития артериальный проток соединяет легочную артерию и аорту. Он отводит кровь от неработающих легких в период внутриутробного развития. Если после рождения сосуд не зарастает, то говорят об открытом артериальном протоке. Избыток крови перекачивается в легкие, что увеличивает нагрузку и на них, и на сердце. Диагностируют у 5 из 100 000 детей.
  • Тетрада Фалло – төрт бузулуулардын чогуу кездешүүсү. 10 000 адамдын 3 нөн кездешет. Бул төртөөнө төмөндөгүлөр кирет.
    1. Карынчалардын ортосундагы тосмонун дефектин сол жана оң карынчалардын ортосундагы тешик.
    2. Өпкөнүн стенди – өпкө клапанынын ичкерүүсү.
    3. Сол карынчанын гипертрофиясы – сол карынчанын булчуңунун жооноюуу.
    4. Аортанын жылышуусу – тамыр жүрөктүн туура эмес жеринен чыгат.
    Бул комбинациялардын натыйжасында канда кычкылтектин жалпы саны азаят. Ткандардын жетишсиз азыктануусун пайда кылат.

5

ЖТПну эмнеси менен коркунучтуу?

Жүрөгүнүн тубаса порогу менен төрөлгөн ымыркайлар бир далай убакыттарга чейин сыртынан таза көрүнүшү мүмкүн. Бирок мындай алдамчы көрүнүш ала үч жашка чыккыча чанда байкалат. Көбүнчө үч жашка чейин эле оору өзүн көрсөтө баштайт: баланын физикалык жактан өнүгүүсү артта калат, бир аз физикалык жүктөрдө демигет, теринин кубаруусу, ал түгүл көгүш тартуусу байкалат. Мындай «көк пороктор» үчүн приступтар мүнөздүү, алар капыстан кармайт: тынчсыздануу пайда болот. Бала кыжаалаттанат, демигүү күчөп, териси көгөрөт, эсин жоготушу мүмкүн. Мындай приступтар эрте жаштагы (2 жашка чейинки) балдарда көбүрөөк байкалат. Алар эс алганда тизелеп отурушат, «кубарыңкы» пороктордо денинин ылдыйкы бөлүгүнүн өсүүсүнүн начарлоосу жана 8-12 жашында башы ооруп, демигет, башы айланат, жүрөгү ооруйт, ичи жана буттары да оорушу мүмкүн

6

ЖТП кандай көрүнөт?

  • Ар бир порок ар кандай көрүнөт. Жеңил учурларда бала өспүрүм куракка жеткиче эч кандай проблема түзбөйт. төрөлгөндөн кийин байкалуучу жалпы белгилери төмөнкүлөр:
    • Тахикардия – жүрөк тез-тез согот;
    • Табитин начардыгы, денеге салмак кошуунун начарлашы
    • Жүрөктөн атайын дабыштардын ( ызы-чуулардын) угулушу
    • Көп жолу кайталануучу өпкөнүн жугуштуу оорулары;
    • Дем алуунун тездөөсү;
    • Теринин көгүш тартуусу - цианоз же кубаруу
    • Тамактанууда, активдүү кыймыл аракеттерде тез чарчоо;
    • Тырмактардын кебетесинин бузулушу
    • Жүрөктүн согуу ыраатынын (ритм) бузулуусу.

7

Алдын алуу

Алдын алууда атайын ыкмалар жок. Алдын алуунун жакшы жолу бойго бүтө электе генетикалык кеңеш берүү. Ичтеги баланын жүрөгүнүн тубаса поронуну алдын алуу максатында кызылча менен ооруган кош бойлуу аялдын үстүнөн байкоо жүргүзүү туура

Если вам нужна консультация специалиста:


+996-555-710-861

Наш Instagram

Наш Facebook